Редакцияот 02.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

 

2019-жылдын 02-июлу № 4

Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Богот айылынын тургун Макамбаева Зыйнат 2-топтогу майыпмын операция жасатуу үчүн материалдык жардам сураган, Масы айылынын тургуну Осмонкулова Гулнара 1-топтогу майыпмын дарылануу үчүн акчалай жардам сураган арыздары боюнча угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл аймагынын тургундарынын арыздары жана алардын жашоо шарттары эске алынсын.

2. Богот айылынын тургун Макамбаева Зыйнатка операция жасатуу үчүн 10 000 (он миң) сом, Масы айылынын тургуну Осмонкулова Гулнарага дарылануу үчүн 5 000 (беш миң) сом акча каражаты Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Нарматов