Редакцияот 16.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-августу № 35

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылгандыгы жөнүндө даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүгүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Султанов