Редакцияот 16.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-августу № 37

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын киреше бөлүгүнүн сметасын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын киреше бөлүгүнүн сметасын бекитүү боюнча даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын киреше бөлүгүнүн сметасы сессияда айтылган сунуштар жана толуктоолор менен 29782,2 (жыйырма тогуз миллион жети жүз сексен эки мин эки жүз) сом суммасында бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Султанов