Редакцияот 16.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-августу № 44

Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча А.Тажибаевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын Жаңырык айылына жаңыдан курула турган маданият үйүнө 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Султанов