Редакцияот 21.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезектеги жыйырма биринчи сессиясы

 

2019-жылдын 21-февралы № 65

Халмион айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдын бир жылдык айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарылган иштери жөнүндө

Халмион айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдын бир жылдык айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарылган иштер жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап чыгып Халмион айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Халмион айыл өкмөтүнүнүн башчысы К.Бегматовдун 2018-жылдын бир жылдык айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.

2. 2018-жыл ичинде аткарылган жумуштарга берилген сын пикирлерди эске алуу менен 2019-жылда айыл аймагынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө кошумча булактарды тартуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана аппарт кызматкерлерине жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз милдетиме калтырамын.

 

Төрага

Г.Матажиев