Редакцияот 05.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

2018-жылдын 05-октябры № 1

Жаңы-Жол айыл аймагындагы мектептердин жана бала-бакчалардын кышка даярдыгы жөнүндө

Жаңы-Жол айылдык Кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 2-октябрындагы №5 чечиминин негизинде берген сунушун угуп, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы жактырылсын.

2. Туруктуу комиссиянын аныктаган, мектептердеги жана бала бакчалардагы кышка даярдык боюнча кемчиликтерин жоюу иштери айыл өкмөт башчы Э. Тойгонбаевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Т. Өзүбековго тапшырылсын.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Т. Өзүбеков