Редакцияот 06.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2018-жылдын 06-ноябры № 6

Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын тургуну маркум Кундузбаев Эгембердинин ысымын Кара-Суу айылындагы жаңы конуштун көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын тургуну маркум Кундузбаев Эгембердинин ысымын Кара-Суу айылындагы жаңы конуштун көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 6 чечими кабыл алынсын.

2. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын тургуну маркум Кундузбаев Эгембердинин ысымы Кара-Суу айылындагы Токтосун көчөсүнүн түндүк тарабындагы жаңы конуштун каналдан түндүктү карай түшкөн жаңы көчөсүнө ыйгарылсын.

3. Кундузбаев Эгембердинин ысымы коюлган көчөнүн тазалыгына, иретүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жанан жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган тартып күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Т. Өзүбеков