Редакцияот 02.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Терек–Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2017-жылдын 2-февралы № 1

Терек-Сай айылдык аймагынын башчысынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

Терек – Сай айылдык аймагынын башчысынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезектүү I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын башчысынын 2016-жылга аткарган иштери айтылган сын пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Төрага

Алымкулов Н.А.