Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 1
“Терексай жаштары ” ЖЧКоомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
“ Терексай жаштары” ЖЧКоомунун кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жер казыналар боюнча мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык “Терексай жаштары ” ЖЧКнун 2015-жылдын 27-январындагы 3785 номерлүү МЕ Лицензиясынын жана № 2 Лицензиялык макулдашуунун негизинде ( Шалдыр участкасындагы Кассан кен чыккан жеринин чегине туура келген жер тилкелерин ) Терек-Сай айыл аймагына тийиштүү жер тилкелеринин негизги максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жана андан кийинки жер тилкелерин берүү максатында “Терексай жаштары ” ЖЧКнун кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Терек-Сай айылдык аймагына:
1. Терек-Сай айылдык аймагында жайгашкан Шалдыр участкасындагы Кассан кендерин иштетүүгө берилген18,89 га жер тилкесинин айыл, жеке менчик жана муниципалдык жерлерден тышкары жерлердин максаттык багытын башкака тегорияга которууга уруксат берилсин.
2. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы көрсөтүлгөн жер участогунун бир категориядан башка категорияга которууну Кыргыз Республикасынын тийиштуу Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүсү суралсын.
3. Чаткал райондук жерге жана кыймылсыз мүлктөргө Терек-Сай айылдык аймагынын жер адисине «Терексай жаштары » ЖЧК на берилген лицензиянын ичине кирген Терек-Сай айылдык аймагынын (айыл, жеке менчик жана муниципалдык жерлер) жерлеринин аянтын тактоо жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |