Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 2
Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКоомунун кайрылуусу кароо жөнүндө
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер казыналар боюнча мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык, “Эти Бакыр ТерекСай” ЖЧКнун 2016-жылдын 20-январындагы 4520 номерлүү АЕ Лицензиясынын (№3 Лицензиялык макулдашуунун) негизинде “Тереккан”, “Терек” жана “Ашуу” кен чыккан жерлеринин чегине туура келген жер тилкелерин жана 2783АЕ номерлүү 22-июнь 2016-жылы алынган лицензиясынын (№5 Лицензиялык макулдашуусу боюнча ) “Терек” кенинин “Дальний” бөлүгүндөгү Терек-Сай айыл айманынын карамагына кирген тийиштүү жер тилкелеринин негизги максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жана андан кийинки жер тилкелерин берүү максатында “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКнун кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап, 2016-жылы 27-октябрь айындагы Терек-Сай айылдык Кеңешинин №1 токтомун негиз кылып жана 24.10.2016-жылы Чаткал мамлекеттик администрациясынын №119 буйругу менен түзүлгөн атайын Комиссиянын 2016-жылы 22-декабрь айындагы жыйынтык актысына ылайык, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №4520АЕ жана №2783АЕ Лицензиялык макулдашууларына, ГПИ “Кыргызгипроземдин” аныктамасына жана Чаткал райондук администрациясынын 119 номерлүү буйругуна ылайык түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгына таянып, Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан “Тереккан”, “Терек” жана “Ашуу” кен чыкканжерлердин жана “Терек” кенинин “Дальний” бөлүгүндөгү лицензиялык аянттарынын ичине туура келген Терек-Сай айыл аймагына тийиштүү 748,1 жана 2,4 га аянтынын ичинен: 1,3,16,17,20,22,23,24,26,27 жана 29-чу контурларынын бөлүгүн же/жана толук камтыган 199,9га. жер тилкелеринин негизги максаттык багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) жана “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКна убактылуу 20 жылга пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы көрсөтүлгөн жер участогунун бир категориядан башка категорияга которууну Кыргыз Республикасынын тийиштүү Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүсү суралсын.
3. “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармасынан берилген токтомдун мыйзамдуулугун карап, жер аянтын бөлүп жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсына жогоруда көрсөтүлгөн жерлер толук трансформация болуп бүткөндөн кийин төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
5. Терек-Сай айылдык аймагына тиешелүү болгон жерлерден (айыл, жеке менчик жана муниципалдык менчиктерден тышкары) алынбай калган пайданын ордун толтурууну төлөп берүүсү жана ижара келишимин түзүү жагы; кен иштери жасалып бүткөндөн кийин бузулган жерлерди кайра калыбына келтирүү жумуштарын жасоо жагы.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |