Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 5
Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыкты (Свободный остаток) бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай орто мектебинин директору Т.Орозбаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай орто мектебинин окуучусу Абдуакматов Жумадил Республикалык «Акыл Ордо» интелектуалдык оюунуна катышып келүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында 6000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |