Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 6
Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыкты (Свободный остаток) бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн башчысы К.Токонованын маданият үйүнө жетищсиз эмеректерди алуу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык маданият үйүнүн стулдары жетишсиз болгондуктан, 10 стул алуу үчүн жана маданият үйүнүн жанына ажаткана куруу үчүн жалпысынан 69640 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |