Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 7
Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыкты (Свободный остаток) бөлүштүрүү жөнүндө
№ 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнүн зав.фельдшери Нурипа Тойчиеванын кайрылуусун карап жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнүн бөлмөсү суук болгондуктан, 2 даана жылыткыч алып берүү үчүн 8000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |