Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 12
Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыкты (Свободный остаток) бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын тургуну Топчубаева Ибадаттын 2017-жылдын 22-февралында жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын тургуну И.Топчубаевага үй-бүлөлүк шартынын оор болгонуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү үчүн 2000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |