Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 13
Терек-Сай айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыкты (Свободный остаток) бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын Горняк көчсүнүн тургуну Нурова Буасиянын 2017-жылдын 8-февралында жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,Терек – Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк 1 көчөсүнүн тургуну Б.Нуровага эки небересинин көзү ооругандыгына байланыштуу, Ош шаарына областтык комиссиядан өткөрүү үчүн материалдык жардам 5000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |