Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 16
Терек-Сай айылдык аймагында Республикадан түшкөн салыктын аткарылбай калган (выпадение налог) акча каражатынын жумшалышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын каржылоо бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында салыктын түшүп кетүүсүнөн , аткарылбай калган (выпадение налог) республикадан түшкөн акча каражатын жумшоо максатында Терек-Сай айыл өкмөтүнөн электро энергияга 701-разделден (аппарат)-150,000 (бир жүз элүү мин), 709/21-разделден (Мектеп)-172,700 (бир жүз жетимиш эки мин жети жүз) сом акча каражаты жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |