Редакцияот 09.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 9-августу ПЖ № 308              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН                         АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ                  Кыргыз Республикасынын Президентинин                          төш белгиси жөнүндө      Эларалык тажрыйбанын  алкагында  жана  расмий ишчараларда жана четмамлекеттердин башчылары жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү мененжолугушууларда  Кыргыз Республикасынын Президентин протокол жактан кам-сыз кылуу максатында токтом кылам:     1. Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси Кыргыз Респуб-ликасында президенттик бийликтин айырмалоочу белгиси жана символу болупсанала тургандыгы белгиленсин.     Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жањыдан шайланганКыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкен учурда тапшырылат.     2. Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгисинин сүрөттөлүшү1-тиркемеге ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белги-синин сүрөтү (эскизи) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин     3. Кыргыз Республикасынын борборунда - Бишкек шаарында Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинети  КыргызРеспубликасынын  Президентинин төш белгиси турган жер болуп санала тур-гандыгы белгиленсин.     4. Кыргыз  Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин төш белгисин ушул Жарлыкка ылайык милдет бо-юнча пайдалануу үчүн аны даярдоону эки жумалык мөөнөттө камсыз кылсын.     5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президентинин     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев                                                                1-тиркеме                                    Кыргыз Республикасынын Президентинин                                      милдетин аткаруучунун 2005-жылдын                                     9-августундагы № 308 Жарлыгы менен                                                            бекитилген           Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгисинин                              СҮРӨТТӨЛҮШҮ      Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жети кырлуу  жыл-дыз менен кыюуланган айлананы билдирет. Кыргыздарда жети деген сан ыйыксан,  жакшылыктын,  бакты-таалайдын жана  бакубаттуулуктун  булагы  депэсептелет. Белги алтындан жана күмүштөн жасалган. Алтын бакубаттуулуктужана байлыкты символдоштурат, күмуш - тазалыктын символу.     Төш белгинин ортосундагы айлана көк түстөгү эмалдан куюлган. Орто-сунда ат чаап бараткан Манастын образы жайгашкан.  Алардын үстүндө жетиучтуу тањкы - Чолпон жылдызы жайгашкан. Күмүш айлананы бойлой кырк жыл-дыз жайгашкан,  алар Манастын кырк чоросун символдоштурат. Төш белгининарткы бетинде ал жасалган жыл оюп жазылган.     Төш белги үч бурчтук түрүндөгү илинүүчү бөлүк менен бириктирилген,анын ортосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын сүрөтүжайгашкан. Илинүүчү бөлүктүн үч бурчуна салтка айланган оюу түшүрүлгөн.Илинген  бөлүккө  "Ак  шумкардын"  жана  "Ак  илбирстин" сүрөтү бар экитүрдөгү жыйырма төрт илмектен турган чынжыр бекитилет.     Ар бир илмектин арткы бетинде Кыргыз Республикасынын Президентининфамилиясы, аты-жөнү жана ал шайланган мөөнөттү көрсөткөн дата мамлекет-тик тилде оюп жазылган.