ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2019-жылдын 25-апрели № 2
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Беккари чункурунун инженер-геологиялык изилдөө (жер кыртышынын курулуш иши үчүн ) иштерин жүргүзүү жөнүндө Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, , Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Беккари чункурунун инженер-геологиялык изилдөө (жер кыртышынын курулуш иши үчүн ) жүргүзүү максатында 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |