Редакцияот 25.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2019-жылдын 25-апрели № 11

Школьная-2 көчөсүндөгү көпүрөнү ондоп түзөө жумуштары үчүн курулуш материалдарын алып берүү жөнүндө

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Школьная-2 көчөсүнүн тургундарынын көпүрөнү оңдоп түзөө жумуштары үчүн курулуш материалдарын алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Школьная-2 көчөсүндөгү көпүрөнү оңдоп түзөө жумуштары үчүн курулуш материалдарын алып берүү максатында 22 000 ( жыйырма эки миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын

 

Төрага

Ажакматов И. К.