Редакцияот 12.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

2019-жылдын 12-июлу № 8

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Мырзагулов атындагы элдик маданият үйүнө өрт өчүрүүчү шаймандардын топтомун алуу жана өрт өчүрүүчү калканды орнотуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысыс Т.Суванованын Кызыл-Токой айылындагы маданият үйүнө өрт өчүрүүчү шаймандарды жана калкан орнотуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Мырзагулов атындагы элдик маданият үйүнө өрт өчүрүүчү шаймандардын топтомун алуу жана өрт өчүрүүчү калканды орнотуу үчүн 20 000 (жыйырма миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Төрага

Ажакматов И. К.