Редакцияот 06.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы

 

2019-жылдын 06-августу № 4

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө боюнча иш-аракети жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти пайдалануудагы иш-аракеттер жөнүндө салык кызматкери Ө.Качикеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө боюнча аткарган иш-аракеттери кээ бир сын-пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Төрага

Ажакматов И. К.