Редакцияот 25.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы

 

2019-жылдын 8-октябры №142

Кадамжай шаарынын мэриясынын чыгаша бөлүгүнүн 3111 “имараттар жана курулуштар” статьясына Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын кошуп берүү жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын мэриясынын 25.10.2019-жылдагы чыгыш № 1-391 сандуу каты жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап,талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаты Кадамжай шаардык мэриясынын 3111 “имараттар жана курулуштар” статьясына кошуп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы

 

Э.Ураимов