Редакцияот 29.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз VI/II сессиясы

 

2019-жылдын 29-августу №VI/II

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жер казынасын пайдалануу укугуна лизенцияны кармоо үчүн акы төлөмдөрдөн кошумча түшкөн акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жер казынасын пайдалануу укугуна лизенцияны кармоо үчүн акы төлөмдөрдөн

“ АЯ ” жоопкерчилиги чектелген коомдон 302,1 мин сом

“ ТОН ” жоопкерчилиги чектелген коомдон 25,4 мин сом

“ Энергоресурс Тянь-Шань ” жоопкерчилиги чектелген коомдон 78,6 мин сом

“ Кыргыз Нью Континенталь” жоопкерчилиги чектелген коомдон 23,3 мин сом

“ Геосфера ” жоопкерчилиги чектелген коомдон 2,8 мин сом

Баардыгы 432,2 (төрт жүз отуз эки миң эки жүз) сом

кошумча түшкөн акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн:

•    муницип. обьектилерге интернет кабелдерин

тартууга - 71,0 (жетимиш бир миң) сом.

•    түшүм майрамына өткөрүүгө - 20,0 (жыйырма миң сом)

•    карылар күнүнө карата - 10,0 ( он миң сом)

•    майыптар күнүнө карата - 10,0 ( он миң сом)

•    бала бакчанын канализациясынын архитектуралык

документтерди даярдоо - 40,0 (кырк миң сом)

     мектептин класстарына долбоордун негизинде

инвентарь алууга өздүк салым - 57,0 (элүү жети миң сом)

•    “Ачакайыңды”бала бакчасынын пайдаланылган

электр энергия акысына 222,2 / эки жүз жыйырма эки миң эки жүз/ сом

•    айылдык ФАПтын ички майда ремонтуна - 2,0 (эки миң) сом

Баардыгы 432,2 (төрт жүз отуз эки миң эки жүз) сом.

2. Келген акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.

 

Айылдык кеӊешинин төрагасы

 

А.Мурзалиев