Редакцияот 26.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2019-жылдын 26-марты №9

“Төрт-Гүл таза суу” муниципалдык ишканасына электроэнергия үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу “Төрт-Гүл таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жапаров Туратбектин кайрылуусун угуп,депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүлайылдык кеңешинин VI чакырылышынынкезексиз XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу “Төрт-Гүл таза суу” муниципалдык ишканасынын электроэнергиясы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200000 (Эки жүз миң) сом акча каражаты бекитилип берилсин.

2. Бекитилип берилген 200000 (Эки жүз миң) сом акча каражатын мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы ФЭБ башчы Р.Кочкоровга жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.Соорбаев