Редакцияот 11.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2019-жылдын 11-июну №14

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылындагы жаңы мечитке 0,015 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылындагы жаңы мечитке 0,015 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндөгү сунушту угуп, депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылындагы жаңы мечитке 0,015 га жер аянтын бекитип берүү үчүн макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.Соорбаев