Редакцияот 11.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы

 

2019-жылдын 11-июну №19

Чон-Кара айылына спорт комплексин курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чон-Кара айылына спорт комплексин куруу боюнча жаштардын демилгеси менен уюштурулган жалпы жыйындын протоколунун негизинде депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп,Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чон-Кара айылынан спорт аянтчасы бөлүнгөн 2 га жер аянтынын ичинен спорт комплексин курууга 0,50 га жер аянтын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

 

М.Соорбаев