Редакцияот 30.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2019-жылдын 30-октябры №30

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин,зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында 2019-2020 жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин,зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Б.Туратованын билдирүүсүн угуп,кызуу талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында 2019-2020 жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин,зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрагасы

 

М.Соорбаев