Редакцияот 30.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2019-жылдын 30-октябры №31

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы маселе боюнча айыл өкмөтүнүн адиси Ө.Досматовдун билдирүүсүн угуп,кызуу талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

М.Соорбаев