Редакцияот 15.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык аймагынын айылдык кенешинин кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы

 

2019-жылдын 15-октябры №27/5

Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылынын Өрүк суусуна жаныдан курулган көпүрөгө Дүйшөмбү уулу Жаркынбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-сентябрдагы элдик жыйынынын, Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылынын Өрүк суусуна жаныдан курулган көпүрөгө Дүйшөмбү уулу Жаркынбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылынын Өрүк суусуна жаныдан курулган көпүрөгө Дүйшөмбү уулу Жаркынбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Буйга айылынын тургундарынын элдик жыйынынын сунушу колдоого алынуу менен бекитилсин.

2. Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылынын Өрүк суусуна жаныдан курулган көпүрөгө Дүйшөмбү уулу Жаркынбайдын ысымы ыйгарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрагасы

 

Кадыркулов.А