Редакцияот 21.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2019-жылдын 21-майы №19/2

Ак-Булуң айылында өткөрүлгөн аукцион боюнча айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча башкы адистин билдирүүсүн угуу жөнүндө

АКФнын жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү жобого жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча адиси К.Асанбековдун билдирүүсүнүн негизинде,

 Чет-Нура айылдык кеңешинин XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Булуң айылындагы АКФнын жерин ижарага берүү боюнча өткөн аукционго жарандардан ар бир лотко арыздар толук түшпөгөндүктөн түз берилгендиги белгиленсин.

2. АКФнын ижарага берилген жерлерин мыйзамга ылайык мыйзамдаштыруу айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча адиси К.Асанбековго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Сыдыкбеков