Редакцияот 20.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 20-августу №21/5

"Кыргызжылуулук" мамлекеттик ишканасынын Чүйдөгү "Кристалл" ишканасы филиалынын суу менен камсыз кылуу үчүн тарифин бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын №31 -беренесине 14-пунктусуна ылайык "Кыргыз жылуулук" мамлекеттик ишканасынын Чүйдөгү "Кристалл" ишканасы филиалы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин (баалардын) прейскурантын карап чыгып, жана талкуулап Чүй айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызжылуулук" мамлекеттик ишканасынын Чүйдөгү "Кристалл" ишканасы филиалыны тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарынын тарифтеринин (бааларынын) прейскуранты бекитилсин.

2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевге жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Амангельдиев

 

 

 

Макулдашылды

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу монополияга

каршы жөнгө салуу мамлекеттик

агенттиши. Бишкек шаардык жана

 

Чүй областтык бөлүм башчысы

_______________________

Буйрук 21/5 от 20.02.2019 ж

 

Бекитемин

Кыргыз Республикасынын

Чүй облусу, Чүй районунун

Чүй айылдык Кеңешинин

төрагасы

_________________________

Токтом №21/5 от 20.08.2019 ж

 

 

"Кыргыз жылуулук "мамлекеттик ишканасынын Чүйдөгү "Кристалл" ишканасы филиалы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин (баалардын) прейскуранты.

 

 

 №

Кызматтын аталышы

Өлчөө бирдиги

Керектөөчүлөр

Калк

(население)

Бюджеттик мекемелер

Башка керектөөчүлөр

1

Суу менен камсыз кылуу

 М 3

6,60

23,56

23,86

 

Кристалл ЧИФ мудүрү

Кристалл ЧИФ башкы бухгалтери

 

Исаев Н.А.

Джарашова А.И.