Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 24-октябры №22/3

Чүй айыл өкмөтүнө "Чүй райондук өнүктүрүү" фондунан атайын техникага (трактор прицеп менен) акча каражатын алууга уруксат берүү жөнүндө

Чүй айыл өкмөтүнө атайын техника (трактор прицеп менен) акча каражат караштыруу маселесин кароо боюнча Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл өкмөтүнүн атайын техника (трактор прицеп менен) "Чүй райондук өнүктүрүү" фондунан акча каражат алууга уруксат берилсин.

2. Акча каражатка долбоор түзүү жана тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы атайын демилгелүү топко милдеттендирилсин.

3. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.

 

Төрага

З.Амангельдиев