Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры №10/6
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы коммуналдык менчикти башкаруу боюнча департаментине кошумча штат бирдигин кароо жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы коммуналдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин кошумча штат бирдигин карап берүү боюнча 2019-жылдын 18-октябрындагы кайрылуусун карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара – Суу шаар мэриясынын алдындагы коммуналдык менчикти башкаруу боюнча департаментине кошумча 1(бир) штат бирдигин кармоого уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Хатамов |