Редакцияот 13.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги 35-сессиясы

 

2019-жылдын 13-сентябры №35/1

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча келген акча

каражатын пайдалануу жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине кошумча келген акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине республикалык бюджеттен кошумча келген акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 987,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Аталган сумма төмөндөгү статьяга жумшалсын:

-кеңеш клубунун капитатдык ремонтуна (Деффект актынын негизинде бекитилген смета боюнча) 987,2 миң сом.

3 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Уланбек уулу Ж