Редакцияот 31.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2019-жылдын 31-июлу №80

Күрөш залын салууга жер тилимин берүү жүнүндө

Май айылынын Дуйшобаев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикке тиешелуу жер аянтына күрөш залын салуу максатында, 0,03 га жер тилимин бөлүнүп берүү маселесин, Май айылдык кеңеши талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Май айылынын Дуйшобаев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикке тиешелуу 0,03 га жер тилими күрөш залын салуу максатында бөлүнүп берилсин;

2. Күрөш залын салуу үчүн Манас райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан АПШ жана ИТШ түзүү жагы суралсын Май айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

И.Өзүбеков