Редакцияот 12.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2019-жылдын 12-ноябры №7

Кызыл-Туу айылындагы таштанды таштоочу жайды жылдырып берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылындагы таштанды таштоочу жайды жылдырып берүү боюнча Кызыл-Туу айылынын эли кайрылуусу боюнча райондук деңгээлде түзүлгөн комиссия курамына айылдык кеңештин депутаттары К.Шайымкулов жана С.Назаровдордун катышуусун сунуштайт.

2. Комиссия курамы менен биргеликте таштандыны башка жерге жылдыруу боюнча чыккан чечим боюнча маалымат берүү К.Шайымкуловго жана С.Назаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Нарматов