Редакцияот 23.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кашка-суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 1 сессиясы

 

2020-жылдын 23-январы №1

Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясын өткөрүү үчүн 2020-жылдын 23-январь күнү саат 9-00 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясын өткөрүү үчүн 2020-жылдын 23-январь күнү саат 0900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.

2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Т.Кудайбергеновага жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ы.Ж.Эрмаматов