Редакцияот 23.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кашка-суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 1 сессиясы

 

2020-жылдын 23-январы №2

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2019-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 575 607 сом, атайын каражаттан 1 259 663 сом казналык эсепте иштетилбей калгандыгы жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Жергиликтүү бюджетинен казналык эсепте иштетилбей калган 575 607 сом, атайын каражаттан 1 259 663 сом акча каражаттары төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.

Аппаратка:

- Айыл өкмөттүн кенсесин капиталдык оңдоп түзөөнөн өткөрүү үчүн – 575 607 сом 31112290 статьясына

Аппарат атайын каражытына:

- Жолбун ит-мышыктарды жок кылуу үчүн – 56583 сом 22154900 статьясына

Бала бакчанын атайын каражатына:

- Бала бакчалардын тамак ашы үчүн        - 203080 сом 22181100 статьясына

Соцалдык пакетке:

- Кызыл-үңкүр каналынын курулушу үчүн – 1000 000 сом 31113290 статьясына

2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ы.Ж.Эрмаматов