Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-сентябры № 5/1
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долбоорун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдын 6-августундагы № 11-34325 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келишимдин долбоорун угуп талкулап Кабылан- Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдын 6-августундагы № 11-34325 сандуу каты жетекчилике алынып, аткарылышы камсыз кылынсын
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмун эсептөөнүн убктылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдын 6-августундагы № 11-34325 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Алай райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн түзгөн келишими бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кабылан- Көл айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Ш. Акаев |
Кабылан-Көл Айылдык Кенешинин
2019-жылдын «___» __________№____
токтому менен бекитилди
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым
укуктарды берүү жөнүндө
КЕЛИШИМ
1. Келишимдин тараптары
Бир тарабынан мындан ары "мамлекеттик орган" деп аталуучу Алай райондук
эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын
атынан «Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жөнүндө» Жобонун негизинде иштеген Салиев Абдимиталип | ||
жана экинчи тарабынан, мындан ары «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы» деп аталуучу Кабылан-Көл айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн атынан Кабылан-Көл айыл аймагынын Айыл өкмөтү жөнүндө» Жобонун (Уставдын) негизинде иштеген Мадаев Гүлжигит Мурзамидинович | ||
(аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү. 2. Келишимдин предмети
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет.
| ||
1) Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды төмөнкүдөй алынган маалыматты кароо жана иштеп чыгуу жолу менен табуу:
- уюмдардын жана жарандардын оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - аймактык мамлекеттик органдардан; - үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы менен; - ведомстволор аралык рейддердин, акциялардын, жыйындардын, калк менен жолугушуулардын жыйынтыгында.
2) Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждыктарын баалоо: - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар боюнча базаны түзүү жана эсебин алуу; - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү; - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн социалдык паспортун жүргүзүү; - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн баалоо; - турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн кайрадан ар тараптуу баалоо. 3) Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кам көрүү: - ишке орношуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын кароо; - турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү; - үй-бүлө менен жеке иштөө планын ишке ашыруу; - баланы коргоо боюнча жеке планды ишке ашыруу; -турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана/же үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо, анын ичинде : -камкорчу , көзөмөлчү жана бала багып алуучу ( фостердик ) үй- бүлөлордун маселелери, аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик жөлөкпул чектоого, акчалай компенсация, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, расымдык жөлөкпул, ошондой эле социалдык жөлөкпул дайындоого талап кылынган документтердин тизмеги боюнча кеӊеш берүү; -ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик жөлөкпул боюнча кайрылгандарга кенеш берүү менен каттоо журналына тушуруу; -ушул токтомдун 2,5,6,7-тиркемесине ылайык мамлекеттик жөлөк пулдарды, акчалай компенсация, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул, сөөк коюуга жөлөк пул жана социалдык жөлөк пулдарды дайындоого керектелүүчү документтерди топтоого көмөктөшүү; -бала багып алуучу (фостердик) үй -бүлөлөрдүн кызматын өркүндөтүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; - балдарга камкорчу , көзөмөлчү дайындоодо жана бала багып алуучу (фостердик ) үй-бүлөгө жайгаштырууда тариздоого керек болгон документтерди топтоого көмөктөшүү ; -үй -бүлөдөн баланы ажыратуунун , балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын-алууну эскертүү максатында профилактикалык жана маалыматтык - кенеш берүү иш- чараларын жүргүзүү;
-Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 22-июнунун №391 токтому менен бекитилген “Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө “ Жобонун тиркемелерине ылайык : *турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды журналга каттоо; *турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдун жана балдардын маселелерин ар тараптан баалоо боюнча анкетаны толтуруу, баалоону кайталап жургузуу; - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын үй-тиричилик шартын изилдөө актыларын, анкеталарды жана башка малыматтарды оор кырдаалга кабылган үй-бүлө же бала катары чечим чыгаруу жана үй-бүлө менен жеке иштоо планын (мындан ары-УЖИП)/(ПИРС) жана баланы коргоо боюнча жеке план (мындан ары-БЖКП) /(ИПЗР) иштеп чыгуу үчүн Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына өткөрүү; - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрду же балдарды социалдык коштоого жана бекитилген УЖИП / БЖКП тузуп аткарууга кабыл алуу; - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын көйгөйлөрүнө ар тараптуу баа берүүнү кайталап жүргүзүүнүн анкеталарын чечим кабыл алууга жана УЖИП / БЖКП корректировка жасап (тыкаттап ) чыгууга Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайталап өткөрүү. - ички -тышкы мигранттардын балдарын , томолой жетим , жарым жетим, социалдык жетим балдардын жана камкордукка алынган балдардын санын тактап база тузуу менен көзөмөлдөө жүргүзүү.
4) Калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу : -жергиликтүү айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясында бюджетти бекитүүдө жумушсуздарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартууну уюштуруу максатында бирдиктуу долбоорлорду ишке ашырууга акча каражаттарын блууну сунуштоо ; -ички -тышкы эмгек мигранттарды тактоо жана база тузуу ; -жумушсуздарды кесиптик окууга , кайра окутууга жана квалификациясын жогорулатууга комоктошуу жана аларды социалдык коштоо жургузуу.
5) Социалдык жактан корголбогон жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү: -улгайган жарандардын жана ДМЧА дын санын тактап, база тузуу; -баатыр энелердин санын тактап, база тузуу менен иш жургузуу; -жакыр үй-бүлөлөрдүн санын тактап жана база түзүү менен иш жүргүзүү; -эмгекке жараксыз, ден -соолугу начар жарандарга медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынан (мындан ары -МСЭК ) өтүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүү менен документ топтоого көмөктөшүү.
2.2. Кабылан-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү жогорудагы мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу учун кабыл алат. |