Редакцияот 24.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Чон-Алай айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2019-жылдын 24-декабры № 5

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты Бердибек уулу Жоробайдын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З,Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 36-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга айыл өкмөттүн 2020-жылдын бюджетинен 3111 статьясынан 1 200 000 сом бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Маматназаров