Редакцияот 23.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Чон-Алай айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2020-жылдын 23-январы № 10

Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Умаров Нурланбек Акбаралиевичке Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана Чоң-Алай райондук тармактар ишканасынын сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «2019-жыл Кыргыз Республикасынын санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылына карата» Чоң-Алай районунун социалдык-эконокалык өнүгүүсүнө кошкон салымдарын, үзүрлүү эмгектерин эске алып, Чоң-Алай райрндук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Умаров Нурланбек Акбаралиевичке Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Маматназаров