Редакцияот 19.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVII-чакырылышынын XII-кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 19-декабры №18/2

Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылга кабыл алынган бюджетинин статьяларына ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын угуп, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдагы кабыл алынган бюджетинен ички жолдорду оңдоп-түзѳѳ үчүн 3111 статьясы боюнча бѳлүнгѳн 131424 сом 46 тыйын тѳмѳндѳгү статьяларга жылдырылсын:

1) 3111 статьясы боюнча «Кызарт» бала бакчасынын сметасын жана дефект актысын түздүрүүгѳ 32000 сом;

2) 2211 статьясы боюнча командировкалык чыгымга 5000 сом;

3) 2215 статьясы боюнча клубдагы спорт кабинетине электр эсептегич жана электр проводдорун алууга -3600 сом;

4) 2215 статьясы боюнча Р.Солтонбеков мектебинин тех.паспортун жасатууга 30000 сом;

5) 2222 статьясы боюнча айыл ѳкмѳтүнүн имаратынын жылуулук системасына генератор алууга 16000 сом.

6) 3111 статьясы боюнча ички жолдорду оңдоп-түзѳѳ иштерине 44824 сом 46 тыйын.

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Саралаев