Редакцияот 03.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жаны-Арык айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын XIII-кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 3-майы № 21/1

Жаны-Арык айыл аймагынын маданият үйүнүн 1-кабатында жайгашкан дискотеканын имаратын чайкана уюштурууга уруксат берүү жѳнүндѳ

 Жаны-Арык айылынын тургуну А.Токтогулованын кайрылуусун карап, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана сунуштарын эске алып, Жаны-Арык айылдык Кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Арык айыл аймагынын маданият үйүнүн 1-кабатында жайгашкан мурдагы дискотеканын имараты бош тургандыктан, бул залга оңдоо-түзѳѳ иштерин жүргүзүп, чайкана уюштуруп иштетүүгѳ айыл тургуну А.Токтогуловага арендалык келишимдин негизинде уруксат берилсин;

2. Маданият үйүнүн ичин, айланасын таштандыларды таштап булгабай, санитардык нормаларды так сактоо менен иш алып баруу жагы А.Токтогуловага тапшырылсын;

3. Бир айлык арендалык бааны белгилѳѳ, мѳѳнѳттүү арендалык келишимди даярдоо жана түзүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго тапшырылсын;

4. Бул имарат берилген күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде иш башталбаса кайра имаратты кайра кайтарып алуу жолу каралсын;

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Саралаев