Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 26-декабры № 253/31-4

Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылга сунушталган иш планын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы №9/4-4 токтому менен бекитилген Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев

 

Токмок шаардык кеңешинин

         2019-жылдык 26-декабрындагы 

     № 253/31-4 токтомуна  тиркеме

Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планы

№

 

Каралуучу маселелер

Аткаруучулар,                       мэрия тарабынан жооптуу адамдар

Бул маселелер боюнча туруктуу комиссиялар

1

1-квартал

2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планынын аткарылышы жөнүндө отчет жана 2020-жылга планды бекитүү

Токмок ш. мэри

 Бюджеттик комиссиясы

2

 Токмок ш. мэриясынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы  жөнүндө отчету

Токмок ш. мэри, КРКМЧБнын башчысы

 Бюджеттик комиссиясы

3

Токмок ш. 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

Токмок ш. мэри, КРКМЧБнын башчысы

 Бюджеттик комиссиясы

4

2-квартал

 Калкты ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу жөнүндө отчет

Токмок ш. мэри, "Токмок Водоканал" МИнын директору

 Өнөр-жай жана социалдык комиссиялары

5

 Муниципалдык жолдордун абалы жөнүндө

Токмок ш. мэри, ММБнын башчысы

Муниципалдык менчик боюнча жана өнөр-жай комиссиялары

6

Токмок ш. жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу

Токмок ш. биринчи вице- мэри, КИКтин директору

Муниципалдык менчик боюнча комиссиясы

7

Токмок ш. КИКтин аткарылган жумуштары жөнүндө отчету: парктардын, дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу жана парктардын ирригациялык системасын жүргүзүү, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу

Токмок ш. биринчи вице- мэри, КИКтин директору

Бюджет жана экология боюнча комиссиясы

8

Токмок ш. архитектурасынын жер пайдалануу эрежелерин аткаруу жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу иши жөнүндө

Токмок ш. биринчи вице-мэри, башкы архитектор

Өнөр-жай комиссиясы

9

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                     3-квартал

Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн бекитилген бюджетти аткаруу

Токмок ш. мэри, КРКМЧБнын башчысы

Бюджеттик комиссиясы

10

Токмок шаарынын коммуналдык кызматтарын 2020-2021 жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө

Токмок ш. биринчи вице-мэри, "Токмок Жылуулук" МИ, "Теплоснабжение"  директорлору                         

Өнөр-жай комиссиясы

11

Токмок ш. ШИИБдин коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылган иши жөнүндө отчет

Токмок ш. мэри, ШИИБдин башчысы

Укук тартиби жана коргонуу боюнча комиссиясы

12

Дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калктын бош убактысын өткөрүүнү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө жөнүндө

Токмок ш. вице-мэри, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы

Социалдык комиссиясы

13

 Шаардын жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жагындагы көзөмөлдөө, китепканалардын иши, элдик көркөм чыгармачылыктын иши жөнүндө

 Токмок ш. вице-мэри, маданият бөлүмүнүн директору

Социалдык комиссиясы

14

4-квартал

Токмок ш. ММБнын муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Токмок ш.  аймагында жарнакты жайгаштыруу боюнча жасалган иштери жөнүндө

Токмок ш. биринчи вице-мэри, ММБнын башчысы

Муниципалдык менчик боюнча комиссиясы

15

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө

Токмок ш. мэри, ӨКМдин башчысы

Экология боюнча комиссиясы

16

ЧРАСӨБдүн үй-бүлөлөрдү коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо боюнча отчету

Токмок ш. вице-мэри, ЧРАСӨБдүн башчысы

Социалдык комиссиясы

17

Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу жөнүндө

КИКтин директору

Муниципалдык менчик боюнча комиссиясы

Жооптуу катчы                                                                                                                        С.А.Кабаева