Редакцияот 17.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2020-жылдын 17-январы №95 /Х1Х-27

Нурманбет айыл өкмөтүнун калк отуркташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымды токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы №139 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына ылайык Нурманбет айыл аймагынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында 2020-жылдан баштап төмөнкү салык эмес жыйымды чогултуу токтотулсун:

-калк отурукташкан аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым

2. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Сагынбекова