Редакцияот 19.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2019-жылдын 19-декабры №134/XIX-27

Муниципалдык менчик обьектилерди көзөмөлдөө жөнүндө

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси С. Адиковдун муниципалдык обьекттер боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Башкы адис С. Адиковдун Кочкорбаев айыл аймагындагы муниципалдык объекттер боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп кабыл алынсын.

2. Башкы адис С. Адиковго айыл аймагындагы каттоодон өтпөгөн төмөнкү объекттерди 2020-жылы каттоодон өткөрүү милдеттендирилсин: Кенеш орто мектеби, Кенеш, Буденновка, Д. Курманалиев айылдарындагы суу сактагыч мунаралары.

3. Бул токтомду көзөмолдөө жагы жер жана агрардык комиссиясына милдеттендирилет.

 

Төрага

А. Албекенов