Редакцияот 25.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 13-сессиясы

 

2020-жылдын 25-февралы №13-22

С. Юсупова айыл өкмөтүндө 2020-2022-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасын бекитүү жѳнүндѳ

С. Юсупова айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2020-2022-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасы боюнча айыл ѳкмѳт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2020-2022-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы бекитилсин (тиркеме тиркелет);

2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, yusupova.aravan.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо С. Юсупова айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге жүктѳлсүн.

 

Төрага

К. Нарматов

 

« Макулмун »                                                                                                                                                      «Бекитемин»

 Араван район Архитектура жана                                                                                                                    С.Юсупова айылдык Кеңешинин

 шаар куруу башкармасынын                                                                                                                           төрагасы__________ К.Нарматов

 башчысы _________ Б.Акматалиев                                                                                                               «___» __________ 2020-жыл

 «____» ____________ 2020-жыл

 

 

С.Юсупова айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын аймактарын кенейтүү жана калктуу конуш түзүү

 

ПРОГРАММАСЫ

(Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыздоо программасын ишке ашыруу алкагында иштелип чыкты)

1. Киришүү

2. Программаны ишке ашыруунун негизги максаттары, милдеттери жана мѳѳнѳттѳрү

3. Программанын иш чаралары

4. Программаны ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары

5. Программаны финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо;

6. Корутунду

Программанын аталышы

Айыл жерлеринде 2022-жылга чейин жарандарды жер участоктору менен камсыздоо

Программаны иштеп чыгуу үчүн негиз

Кыргыз Республикасын 2022-жылга ѳнүктүрүү комплекстүү негизде, 2020-2022-жылдарда кедейчиликти кыскартуунун улуттук стратегиясында жана «2022-жылга чейин элетти комплекстүү ѳнүктүрүү» Кыргыз Республикасынын улуттук программасында белгиленген чечимдерди аткаруу

Программаны ишке ашыруу үчүн жооптуулар

Айыл ѳкмѳтү, райондук кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы

Программанын милдеттери жана максаттары

Айылдын турак-жай салууга жерлерди кеңейтүүгѳ КР Жогорку кенешине, КР Ѳкмѳтүнѳ сунуштоо, кеңейтилген жерге айылдын генералдык планын иштеп чыгуу, айылдык тургундарды турак-жай салуу үчүн жер участоктору менен камсыздоо, жаш үй-бүлѳөлѳргѳ туруктуу жашоого шарт түзүү менен ички миграцияга бѳгѳт коюу

Ишке ашыруу мѳѳнѳтү

2020-2022-жылдар

Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар

Айыл жерлеринде тургундарды турак-жай салуу үчүн жер участокторду бѳлүп берүү менен, жаш үй-бүлѳөлѳргѳ туруктуу жашоого шарт түзүү

1. Киришүү

С. Юсупова айыл аймагында жер жана агрардык реформаны ырааттуу жүргүзүүнүн натыйжасында 2020-жылдын 1-январындагы абал боюнча айыл жерлеринде жашаган жана мурда колхоз, совхоздордо жана башка мамлекеттик айыл чарба ишканаларында, ошондой эле саламаттык сактоо, суу чарба, билим берүү, тиричилик жактан тейлѳѳ, соода, маданият, агрозооветхимтехсервис чѳйрѳсүндѳ иштеген Араван районуна караштуу С.Юсупова айыл өкмөтү боюнча жалпы 8763,0 айыл чарбасына жарактуу жер аянты бар. Алар; 1.Айдоо 2131,0 га болуп ; анын ичинен 1754,0га сугат айдоо, 377,0га кайрак айдоо жерлерди түзөт. 2. Жайыттар 6439,0 га.

 Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлери 548,0ганы түзөт, анын 326,0га сугат айдоо , 143,0га кайрак, 79,0 кысыр аңыз жерлери.

С.Юсупова айыл аймагында 5- айыл жайгашкан; алар Араван, Суткор, Эрка-Кашка, Октябрь жана Каррак айылдары. Калктын саны 26405,0. Кожолуктун саны 5196,0. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн жарандарынын 1428,0га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жер үлүштөрү бар.

Кыргызстанда жер реформасын жүргүзүү жылдарында жер мамилелеринде терең, түп тамырынан ѳзгѳртүүлѳр болуп ѳттү. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жерге жеке менчик укугу таанылып, менчик ээлерине ѳзүлѳрүнүн тандоосу боюнча ага тиешелүү мүлккѳ, анын ичинде жер участогуна да ээлик кылуу, пайдалануу жана тескѳѳ боюнча укуктар берилген.

«Айыл чарба багытындагы жерлер», «Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдардагы калктуу конуштардын) жерлери», «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» сыяктуу жердин категориялары боюнча нормативдик укуктук база түзүлгѳн жана укук мамилелери туруктуу рыноктук мүнѳзгѳ ээ болгон. Айыл чарба багытындагы жер участокторунун бардык түрлѳрүнѳ укуктарды берүүнүн конкреттүү механизмдери жана жол-жоболору иштелип чыккан.