Редакцияот 15.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Алайку айылдык Кенешинин кезектеги 19 - сессиясынын (6- ЧАКЫРЫЛЫШ) жыйналышы

 

2019-жылдын 15-июлу №19/1

Алайку айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын 6 айлык ФЭБнүн башчысы Ж.Абдыкеримовдун отчету жөнүндө

Алайку айылдык Кенешинин депутаттары угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алайку айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча киреше бөлүгү 1649 333 сом, чыгаша бөлүгү 1280 112 сом, аткарылгандыгы белгиленип ФЭБнүн башчысы Ж.Абдыкеримовдун 6 айлык отчету канатандыраарлык деп белгиленсин.

2. Алайку айыл Өкмөтүнүн бюджетине сунуш кылынган өзгөртүүлөрү менен аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы Ж.Абдыкеримовго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Качкынчыевге тапшырылсын.

 

Төрага

М. Салибаев