Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 35-сессиясы

 

2020-жылдын 18-февралы № 35-5

Көк-Жар айыл өкмөтүнө карашатуу Борбаш айылынын тургуну Сатар уулу Улугбектин 0,07га жер тилкесин жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Сатар уулу Улугбектин жазган арызына негиз өзүнө караштуу 0,07га турак жайы 2002-жылдагы жалпы системалык каттоого кандайдыр бир себептер менен катталбай калгандыгын карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Сатар уулу Улугбектин жазган арызына негиз 0,07га жер аянты 2002-жылдагы жалпы системалык каттоодон өтпөй калгандыгына байланыштуу мыйзамдаштырылып берилсин.

2. Иш кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Туманов