Редакцияот 29.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2020-жылдын 29-майы № 131/XXXVIII - 6

Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча  комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө

23.09.2011 - жылдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчиктеги  жер аймактарына акылуу менчик укуктарын берүү же болбосо арендага берүү шарттары жана ирээти жөнүндө” № 571 Жобосунун 3 главасы 7 пунктунун талаптарынын негизинде жана  комиссиянын кээ бир мүчөлөрүнүн жумуш ордунун которулганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча комиссиясынын курамы төмөнкү иретте бекитилсин:

1)Исаев М.Э. – Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн башчысы – комиссиянын төрагасы

2)Курамаев Н.Е. – Кайыңды шаарынын алдындагы  муниципалдык мүлк боюнча  бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси

3)Кабаев Э.О. –Кайынды шаарынын мэриясынын киреше боюнча башкы  адиси

4) Молдалиева Б.Дж. – Алты – бакан бала бакчасынын башчысы

5) Момунбаев С.Н. – Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты

6)Подгорный Е.А. – В.В. Казаченко атындагы № 1 мектеп-лицейинин мүдүрү

7).Райымбеков Р.К.– Кайыңды шаарынын мэриясынын  башкы адиси – юрист

2. Кайынды шаардык кеңешинин № 117/XXXIV – 6 2019 – жылынын 26 – декабрындагы   токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

У. Б. Абдрасулов